Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 10
Шаардык мэриянын 15.12.2015-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү» тууралуу №03-8/1626 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 15.12.2015-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү» тууралуу №03-8/1626 кайрылуу каты жонундо шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 32– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 15.12.2015-жылдагы «Айыл чарбасына арналбаган жерлердин зоналдык Кз коэффициентин бекитүү» тууралуу №03-8/1626 кайрылуу каты жонундо шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлери эске алынсын.
2. 2016-жылга Таш-Көмүр шаарынын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «Кз» коэффициенти 2016-жыл үчүн 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэффициенти 2016-жыл үчүн 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына ( Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |