Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 12
Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө
1. “Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Комур шаардык дупутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 32- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Шаардын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча Жобосуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Бабатаевдин билдируусу эске алынсын.
2. «Шаардын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча Жобосуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө маселени толук тактап чыгуу үчүн кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Жогорудагы маселени шаардык Кеңештин кийинки сессиясына даярдап алып чыгуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жүктөлсүн.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |