Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-декабры № 13
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын курамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу Таш-Көмүр шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезектеги 32 –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Э.Тажимырзаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. «Ата Мекен» саясий партиясынан Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешине депутат Ирсалиева Алима Коконовнанын жана «Өнүгүү» саясий партиясынан Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешине депутат Азимкулов Уланбек Мамырбековичтин депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгандыгына байланыштуу, шаардык Кеңештин алдындагы «Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
3. «Ата Мекен» саясий партиясынан депутат Разакова Дамира Калназаровна жана «Өнүгүү» саясий партиясынан депутат Раимкулов Кылычбек Иманалыевич шаардык Кеңештин алдындагы “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |