Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-марты № 107
Кызыл айыл өкмөтүнүн менчик малдарын багуу жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт маселеси тартипке салу жайыт комитетинин ишин жандандыруу максатында Кызыл-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-мартында мал чарбасы боюнча өткөрүлгөн элдик жыйында айтылган сунуштар жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочулардын малдарын багууга төмөндөгүдөй баалар чегерилсин:
3. Кызыл-Тоо айылынын менчик малдарына бир ай үчүн төлөнүүчү тарифтер:
- Бир баш кой үчүн -100 сом, бир баш эчки үчүн-120 сом, бирбаш кара малга 400 сом, бир баш жылкы – 500 сом, жакынкы жайытка көчүү -20-апрелден,алыскы жайытка көчүү - 10-майдан
- 10-майдан кеч көчкөндөр күнүнө 3000 сом айып пул төлөйт.
- Алыскы жайыттан – 25-сентябрга чейин көчүп келбөөсү бекитилсин
- Эрте келген малчылар күнүнө 3000 сомдон айыл пул төлөөсү милдеттендирилсин.
4. Эгинге түшкөн малдарга төмөндөгүдөй айып пул салынсын:
1- Эскертүү берилсин.
2. Жылкы бир баш үчүн – 2000 (эки мин) сом
3. Кара мл бир баш үчүн – 1000 (мин) сом
4. майда жандыкка- 1 баш үчүн 200 (эки жүз) сом
5. Эгиндин келтирилген чыгымы жабыралуунучуларга төлөнүп берилсин жана эгинге түшкөн малдарга кеселине жана бала салуусуна, кокусунан өлгөнүнө жооп берилбесин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Тоо айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Тоо айылдык Кеӊешинин төрайымы |
А. Бакирова |