Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 112
Кызыл-Тоо айыл өкмөтү «Өзгөн аймактык Таза Суу» муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирүү жөнүндө
КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кызыл-Тоо айыл аймагындагы жашаган тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында Кызыл-Тоо айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтү «Өзгөн аймактык Таза Суу «муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшимбетовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталсын.
Кызыл-Тоо айылдык Кеӊешинин төрайымы |
А. Бакирова |