Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26- июну № 120
Кызыл-Тоо айыл округунун 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын lll кварталында Кызыл-Тоо бала бакчасын ондоого көрсөтүлгөн сумманы максатуу пайдалануу максатында 1176,2 миң сомду депутаттардын сунуштарынын негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын lll кварталындагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнө 1176,4 миң сом өзгөртүү киргизилсин: Кызыл-Тоо бала бакчасы статья 31123210-эмерек алуу-679,5 миң сом, статья 22154900-башка тейлөө кызматаарына байланышкан чыгым – 500,3 миң сом, баардыгы 1176,2 миң сом – мүлктү учурда оңдоо 22211100 статьясына бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бюджетти өзгөртүү жөнүндөгү акча каражатынын эсебин тактоо финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Кадырго милдеттендирилсин.
Кызыл-Тоо айылдык Кеӊешинин төрайымы |
А. Бакирова |