Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-октябры № 1
Чоң-Алай айылдык аймагынын 2015-жылдагы бюджетине
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык аймагынын ФЭБунун башчысынын милдетин аткаруучу А.Конурбаевдин 2015-жылдын бюджетине кошумча чыгымдарга болунгон акча каражаты боюнча билдирүүсүн талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын 2015-жылдагы бюджетине киреше бөлүгүнө 14151200 жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу эсебине кошумча түшкөн 2634,4 миң сом акча каражаты Чон-Алай райондук каржы бөлүмүнөн кошумча планга киргизүү жагы суралсын
2. Чоң-Алай айылдык аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2634,4 миң сом акча каражаты кошумча бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Д. Молдоболотов
|