Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-октябры № 2
Муса Сапаевке «Чоң-Алай талант борбору руханий
чыгармачыл комплексин» салуу үчүн жер аянтын
бөлүп берүү жөнүндө
Муса Сапаевдин «Чоң-Алай талант борбору руханий чыгармачыл комплекси» салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө арызын угуп, талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муса Сапаевке «Чоң-Алай талант борбору руханий чыгармачыл комплексин» салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү мыйзамга ылайык ишке ашырылсын, тиешелүү мекеме уюмдар менен бирдикте документтерин бүткөрүү Муса Сапаевке тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү, муниципалдык чарба боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Д. Молдоболотов
|