Редакцияот 01.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2015-жылдын 1-декабры № 2

Чоң-Алай айылдык аймагынын 2015-жылдын бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Чоң-Алай айылдык аймагынын ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевтин 2015-жылдагы бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорун талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттары карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай айылдык аймагынын 2015-жылдын киреше бөлүгүнө лицензияны кармап туруудан 14151200 статьясына түшкөн 876 500 сом акча каражаты бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча бекитилсин.

2. Чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бөлүнсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

Д. Молдоболотов