Редакцияот 01.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

2015-жылдын 1-декабры № 3

Мергенчилик коомуна ижарага  жер алуусуна макулдук берүү жөнүндө

Мергенчилик коомунун ижарага жер бөлүп берилүүсүнө макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттары карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мергенчилик коомуна Алтын-Мазар участкасынан 2.0 га жана Дара участкасынан 0,30 га жерди ижарага бериилүүсүнө макулдук берилсин.

2. Жогорудагы жерлерди берүү жана көзөмөл кылып туруу жагы Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

Д. Молдоболотов