Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-февралы № 31
Кара-Таш айыл өкмөтүндө карышкыр жана чөө, бөрү атуу жөнүндө
Кара-Таш айыл өкмөтүндө жашаган тургундары элдин мал жандыктарына зыян келтирген карышкыр жана чөө бөрүлөрдү жок кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургундары элдин мал жандыктарына зыян келтирген карышкырды атса 1000 сомдон, бир чөө бөрүнү атып өлтүрсө 500 сомдон сыйлык берүү жагы белгиленсин.
2. Айыл башчыларга жогорудагы сыйлык жөнүндө элге түшүндүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Максутов |