Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХII сессиясы
2015-жылдын 14-марты № 36
Кара-Таш айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык таза суу” муниципиялдык ишканасына уюуштуруучу катары кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кара-Таш айыл аймагындагы жашаган тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында Кара-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык таза суу” муниципиялдык ишканасына уюуштуруучу катары кирсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү ишчараларды жүргүзүү жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Алиевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Кара-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Максутов |