КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVI сессиясы
2015-жылдын 2-июну № 38
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн административдик чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо “Кыргызгипрозем” ишканасы тарабынан даярдалган, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн административдик чек ара материалдарынын жазылышы боюнча карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-статьясынын 4-пункутунун негизинде Кара-Таш айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Мамлекеттик жер долбоорлоо “Кыргызгипрозем” ишканасы тарабынан даярдалган, Кара-Таш айыл өкмөтүнүн административдик чек ара материалдарынын жазылышы боюнча бекитилип берилсин.
2. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кара-Таш айыл өкмөтүнүн административдик чек ара материалдарынын жазылышы боюнча бекитип берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, энергетика, жер жана коммуникация боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Максутов |