Загрузка документа…
БАТКЕН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-августу №1
Баткен райондук кенешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 5-болумунун 10-болумчосунун жана «Жергиликтуу мамлекеттик администрация» жөнүндө мыйзамынын 11-беренесинин 1-болумунун 4-болумчосунун, Кыргыз Республикасынын Окмотунун «Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимине коюлган квалификациялык талаптары» жөнүндө 2011-жылдын 10-августундагы №459 Жобосунун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтомунун негизинде Баткен райондук кенешинин II чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүмүнүн 10-бөлүмчөсүнүн жана «Жергиликтуу мамлекеттик администрация» жөнүндө мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимине коюлган квалификациялык талаптары» жөнүндө 2011-жылдын 10-августундагы №459 Жобосунун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтомунун негизинде Баткен
райондук кенешинин Регламентинин 2-главасынын 7 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин кызматына дайындалуучу талапкерлер тууралуу сунуш-көрсөтмөсүнүн негизинде райондук кеӊештин депутаттарынын көрсөтүлгөн талапкерликке макулдук беруу менен чечим кабыл алуу;
- Райондук кеӊештин депутаттары райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматына көрсөтүлгөн талапкерлерге райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен өздөрүнүн макулдуктарын билдирүүсү;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иштеринин жыйынтыгы жана ошол тиешелуу аймактагы иштердин абалы жөнүндө райондук кеӊешке отчет берүүсү.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук кеӊештин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, этика, жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Баткен райондук кеӊешинин төрагасы |
К.Эшмурзаев |
| 2011-жылдын 25-августунда Баткен райондук кенешинин токтомуна II чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынынын №1 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүмүнүн 10-бөлүмчөсүнүн жана «Жергиликтуу мамлекеттик администрация» жөнүндөгү мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимине коюлган квалификациялык талаптары» жөнүндөгү 2011-жылдын 10-августундагы №459 Жобосунун жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтомунун негизинде Баткен райондук кенешинин Регламентинин 2-главасындагы райондук кенешинин компетенциясы жөнүндөгү 7 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин кызматына дайындалуучу талапкерлер тууралуу сунуш-көрсөтмөсүнүн негизинде райондук кеӊештин депутаттарынын көрсөтүлгөн талапкерликке макулдук беруу менен чечим кабыл алуу;
- Райондук кенештин депутаттары райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматына корсотулгон талапкерлерге райондук кенештин депутаттарынын жалпы санынын копчулугунун добуш беруусу менен оздорунун макулдуктарын билдируусу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иштеринин жыйынтыгы жана ошол тиешелүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө райондук кенешке отчет берүүсү.
Баткен райондук кенешинин жооптуу катчы |
Г.Калыкова |