Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-ноябры № 40
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгына карата чаралар жөнүндө
Кара-Таш айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын түштүк аймактык бөлүмүнүн 2015-жылдын 28-авгусундагы №01-16/361 буйругунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтык отчетун жана катачылыктарды жою боюнча сунуштарын жана көрсөтүмөлөрүн терең талдап жана талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын негизинде кетирилген кемчилдиктерге жол бергендиги үчүн Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Алиевке эскертүү берилсин жана катачылыктарды жоюу боюнча төмөнкү сунуш көрсөтүмөлөрдү аткаруу жагы милдеттендирилсин:
1.1.Электр энергия боюнча 39,4 миң сомдук карызы толугу менен төлөнсүн.
1.2.Кайра бөлүштүрүү жерлери боюнча кошумча кирешелерди табууга эфективдүү иш-чаралар иштелип чыгып, кошумча киреше табуу боюнча иш жүргүзүлсүн.
1.3 Кыргыз Республикасынын 16.05.2011-жыл №224 токтомуна ылайык бухгалтердик счет жүргүзүлсүн.
1.4.Кара-Таш айыл өкмөтүнүн баардык мектептерде айыл өкмөтүндө инвентаризация жүргүзүлүп китепке түшүрүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Максутов |