Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-августу № 15
Кара-Таш айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү кабыл алган ченемдик укуктук актыларды. (токтом, буйруктарды, каттарды) мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Кара-Таш айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн аймагында 100% кыргыз улуту жашайт . Ошондуктан айылдык Кеңешинен жана айыл өкмөтүнөн чыккан чечимдер, токтомдор жана башка чененмдик укуктук актылар мамлекеттик тилде жазылуу талабы жазылып жатат.
Жогорудагыларды эске алып айылдык кеңешинин 5-чакырылыш 5-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айылдык Кеңешинен жана айыл өкмөтүнөн чыккан чечимдер, токтомдор жана башка чененмдик укуктук актылар мамлекеттик тилде жазысын.
2.ТОктомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюумдары менен иштөө тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы | Б. Максутов |