Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 71
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак-2 айылынын тургундары жеке менчик турак жай куруу үчүн түзүлгөн ген планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 3-пунктуна ылайык: Дөң-Булак-2 айылынын аймагында жашоочу атуулдардын арыздарын карап чыгып, айыл тургундарынын турак жайга болгон муктаждыктарын жана суроо талаптарын канаттандыруу максатында жана Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Дөң-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак-2 айылынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн түзүлгөн ген планга өзгөртүү киргизилип, ген планды турак жай куруу үчүн ар бир атуулга берилүүчү 8 (сегиз) сотых жер тилкеси өзгөртүлүп, ар бир жаранга 5(беш) сотыхдан жер тилкеси берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана коммуналдык менчиктер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |