Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-августу № 73
Дөң-Булак айылдык Кеңешинин “Жер маселелери жана айыл чарбасы” боюнча туруктуу комиссиясынын өз аймагындагы ири чарбалар Балкөчөт АКнун, Тамеки, Өзгөн Балык чарбасынын жана о.э дыйкан чарба кооперативдердин өз экономикасын көтөрүүдөгү жана социалдык маселелерди чечүүдөгү жүргүзүп жаткан иштеринин отчетун угуу сунушу жана комиссиянын маалыматы жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы ири чарбалар Балкөчөт АКнун, Тамеки, Өзгөн Балык чарбасынын жана о.э дыйкан чарба кооперативдердин өз экономикасын көтөрүүдөгү жана социалдык маселелерди чечүүдөгү жүргүзүп жаткан иштеринин отчету менен таанышып чыгып жана “Жер маселелери жана айыл чарбасы” боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын талкуулап , Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы ири чарбалар Балкөчөт АКнун , Тамеки, Өзгөн Балык чарбасынын жана дыйкан чарба .кооперативдердин өз экономикасын көтөрүүдөгү жана социалдык маселелерди чечүүдөгү жүргүзүп жаткан иштеринин 2013- 2014жылдагы отчеттору эске алынсын , жүргүзүп жаткан иштеринде кемчилдиктерге жол берилгени белгиленсин.
2. Балкөчөт АКнун , Тамеки, Өзгөн Балык чарбасынын жетекчилерине оз ишмердигинде катачылыктарга жол бергендиги үчүн эскертүү берилсин жана туруктуу комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчилдиктерди ондоо жагы тапшырылсын.
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансалык- экономикалык бөлүмүнүн ( жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана чыгыша бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын негизинде 6-айлык аткарган жумуштарынын отчету канаттандырарлык деп табылсын
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановго: милдеттендирилсин
- Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн денгелинде комиссия түзүлүп түшкөн маалыматтарды тактап жыйынтыгын айылдык кенештин кезексиз сессиясына коюу жагы милдеттендирилсин.
- Муниципалдык менчикти башкаруу саясатынын негизинде Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында Муниципалдык менчикти башкаруунун принциптери, эрежелери жана жол-жоболору аныкталсын жана муниципалдык менчиктин ар бир обьектиси боюнча толук маалымат камсыздалсын.
- аренда акысынын суммасы, аны толоо тартиби, шарты жана мооноту аныкталсын.
-жерди арендага беруунун тартиби иштелип чыксын.
- Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан аз камсыз болгон жараандарга жерди конкурстан тышкары пайдалануу укугу берилсин.
-жер участокторуна укук белгилөөчү документтери болбостон ишкерликти жүзөгө ашырууга тыюу салынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселеси жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |