Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-августу № 74
Дөң-Булак айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Дөң-Булак айыл аймагындагы жашаган тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтү “Өзгөн аймактык Таза-Суу муниципалдык ишканасына уютуруучу катары кирсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |