Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-декабры № 78
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя айылынын тургундарынын турак жай куруу үчүн жазган арыздардын канаттандыруу максатында жер участокторун ажыратып берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя айылынын тургундары бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн турак жай куруу үчүн кайрылгандардын саны 1219 га жеткен. Азыркы күндө кээ бир үйлөрдө 3-4 уй –бүлөөлөр бирге жашап келишүүдө.
Кара-Дарыя айылынын тургундарынын турак жайга болгон муктаждыктарын жана суроо талаптарын канаттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя айылындагы №6 контурдан ынгайсыз жердин топурак кыртышынын үстүнкү катмары бузулгандыктан деградацияланган, топурак катуу эрозияга учараган, баллбонитети өтө төмөндөгүнөн жалпысы 0,50 га жер участогу турак-жай куруу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, участкага ажыратууну мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун ген планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомду бекитип беруу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адиси А.Абдималиковго тапшырылсын.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |