Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-октябры № 79
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын атайын каражат эсебине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Пайзабад айылында жайгашкан Титов атындагы орто мектебинин аймагындагы теректер илдетке учурап катуу шамалда балдар үчүн коопсуздук жараткандыктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Өзгөн райондук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык кооптуу теректер сатылып ал каражат ошол эле мектептин кызыкчылыгына иштетилишин көздөп Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Титов атындагы орто мектебине 22211100-имараттарды жана жайларды учурунда ондоо чыгымдар бөлүгү аркылуу 51,1 (элуу бир мин бир жуз) сом 2014-жылдын 4-кварталына көбөйтүлүп аткарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тагаев |