Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-марты № 2
Жан-Булак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга карата каралып жаткан бюджетин бекитүү жөнүндө
Бул маселе боюнча Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери жол Ж.Эсенканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
— Жан-Булак айыл өкмтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы канаатандырарык деп табылсын .
— 2014-жылга карата айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көлөмдөрү бекитилсин.
— Айыл өкмөтүнүн тазалык жыйымы ар бир түтүнгө 10 сом ,ар кандай жарандарга берилүүчү берилүүчү справкалар 10 сом ал эми мал саткан адамдарга бодо малга 50 сом ,майда жандыкка 10 сомдон салык төлөмү алынсын .
— Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика бюджет жана социалдык маданий маселелер боюнча коммиссиянын төрагасы депутат Э.Өмүрбековго жана айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерии Ж.Эсенкановага жүктөлсүн.
Жан-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Р. Акунов |