Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-марты № 3
Жан-Булак айыл өкмөтүнүн айыл чарба жумуштарынын бааларын бекитүү
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис А.Абдыжапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
— 2014-жылы талаачылык жумуштарынын кызмат көрсөтүү баалары бекитилсин.
— Жан-Булак айылынын малчыларынын көчүп конуу графиктери ,корука чыгуу убагы жана мал багуунун баалары бекитилсин.
— Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин депутаты А.Ташболотовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Абдыжапаровго тапшырылсын.
Жан-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Р. Акунов |