Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-августу № 8
Жан-Булак айыл өкмөтүнүн спец.счетуна түшүрүлгөн акча каражатын пайдалануу жана аны айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн планына киргиздирүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Шеримбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
— Жан-Булак айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетуна түшкөн 30,0 мин сом акча каражатын пайдалануу үчүн айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетунун киреше жана чыгаша бөлүктөрү кошумча план берүү жагы Нарын райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
— Атайын эсеп счетуна түшкөн 30,0 мин сомду максаттуу жумшоо үчүн тиешелүү смета түзүлсүн жана аткарууга алынсын.
— Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы — Э.Өмүрбековго ,кошумча смета түзүү жана ага ылайык акча каражаты менен камсыздап туруу -башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
Жан-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Р. Акунов |