ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жан-Булак айылдык Кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 25-декабры № 12
Жан — Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдорун
мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Жан Булак айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26 — беренесине ылайык, Жан Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
— Жан — Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алсын.
— Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппараттарынан каттоодон өткөрүлүп «Janbulak — Narun – kg» веб — сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын малекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
— Токтомдун аткарылышын контролдоо Жан Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Шеримбековго жүктөлсүн.
Жан-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Р. Акунов |