Редакцияот 10.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин XXXXI сессиясы

 

2015-жылдын 10-сентябры № 42/3

Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын эсебинде турган эскилиги жеткен техникаларды эсептен чыгаруу жөнүндө

 Кадамжай шаардык кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун, шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун жана Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын катынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын эсебинде турган эскилиги жеткен техникаларды эсептен чыгаруу боюнча атайын убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаардык кеңешинин жооптуу катчысы А.Эшанкуловага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык

Кеӊешинин төрагасы

Б. Бегалиев