Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин XXXXI сессиясы
2015-жылдын 10-сентябры № 42/4
Кадамжай өндүрөштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын таза суунун жана саркынды суулардын түтүктөрүн борбордук түтүктөргө үүлөө боюнча прейскурантын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктунун, шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суунун жана саркынды суулардын түтүктөрүн борбордук түтүктөргө уулоо (туташтыруу) боюнча Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын прейскуранты бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай өндүрүштүк пайдалануучу коммуналдык турак жай чарбасынын башчысына (Р.Салаев) жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы | Б. Бегалиев |