Редакцияот 10.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин XXXXI сессиясы

 

2015-жылдын 10-сентябры № 42/8

Кадамжай шаарынын мэриясынын үй-бүлөлүк тибиндеги балдар үйүн жана зордук зомбулукка кабылган балдарга реабилитациялоо борборун ачуу боюнча кайрылуусу жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын мэриясынын кайрылуусун жана шаардык кенештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу эске алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаарынын аймагында үй бүлөлүк тибиндеги балдар үйүн жана зордук зомбулукка кабылган бапдарга реабилитациялоо борборун ачууга уруксат берилсин.

2. Кадамжай шаарынын аймагында ачылуучу үй бүлө тибиндеги балдар үйүн жана түрдүү “борборлорду” бала бакчалардын базасында ачууга тыюу салынсын.

3. Жогорудагы “борборлорду” имарат менен камсыздоо жагы шаардын мэри Т.Камбаровко жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышы жөнүндө шаардык кеңештин келерки 43-сессиясына маалымат берүү жагы Т.Камбаровко жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык

Кеӊешинин төрагасы

Б. Бегалиев