Редакцияот 10.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин XXXXIII сессиясы

 

2015-жылдын 10-ноябры № 43/6

Кадамжай шаардык кенешинин  40,4 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү

 жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кадамжай шаардык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кадамжай шаардык кенешинин кезексиз XXXX-сессиясында кабыл алынган 40ү4 сандуу токтомунун 2 жана 4-пункттары төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн; “Шаардын аймагындагы бала бакчаларга башка айыл округдардан келген балдардын тамак ашына жана коммуналдык чыгымдарына болгон төлөм мыйзамга дал келе турган тартипте айыл округдардын жетекчилери менен келишим негизинде иш жүргүзүү жагы шаардын мэри Т.Камбаровго жүктөлсүн.”“Балдар бакчасына кабыл алуу жана кабыл алууга кезеги  мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана шаардык кенештин комиссиясынын көзөмөлүндө мэриянын социалдык иштер боюнча адисинин аткаруусуна алынсын”. 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык

Кеӊешинин төрагасы

Б. Бегалиев