КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин XXXXIII сессиясы
2015-жылдын 10-ноябры № 43/8
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жергиликтүү шаардык кеңештердин депутаттарынын арасында мини-футбол боюнча өткөрүлүүчү кубогуна Кадамжай шаардык кенешинин депутаттарынан турган командасынын катышуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кенешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жергиликтүү кенештердин депутаттарынын арасында мини-футбол боюнча өткөрүлүүчү кубогун уюштуруп өткөрүү үчүн уюштуруу комитетине жана Кадамжай шаарынын мэри, вице-мэри, шаардык кенештин депутаттарынан түзүлгөн командасына акча каражаттарын бөлүп берүү жагы шаардын мэри Т.Камбаровко жүктөлсүн.(тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кенешинин каржы, бюджет жана пладоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы | Б. Бегалиев |