Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 15/1
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетинин алты айынын жыйынтыгы
менен аткарылышынын абалы жана айрым өзгөртүүлөр жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетинин алты айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жана айрым өзгөртүүлөр жөнүндө Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн башчысы А Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетинин алты ай ичинде 3821,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (тиркеме тиркелет ).
2. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштар иштери, социалдык – экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Т.Намашанов ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |