Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-августу №1
Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесинин 1-6-бөлүкттөрүнө, 53-54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесинин 1-6-бөлүкттөрүнө, 53-54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилсин:
- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу;
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо, этика , жаштар, коомдук жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Бак айылдык кеңешенин төрагасы |
Т.Курбанбеков |
| 2011-жылдын 26-августунда Кара-Бак айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын № 1 тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесинин 16-бөлүктөрүнө, 53-54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин IV-чакырылышнын кезексиз XX-сессиясы
1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесинин 16-бөлүктөрүнө, 53-54-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105 “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндөгү Жобосунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин Регламентинин 2 главасынын 16 бөлүмүнө кошумча төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилди:
- Айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаты жана депутаттары укуктуу;
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу;
Кара-Бак айылдык кеңешенин жооптуу катчысы |
Ж.Ажыкабылов |