Редакцияот 22.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы

 

2015-жылдын 22-октябры № 16/3

Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жонүндө айыл округунун Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралып, бирок иштетилбей калган статьялардагы акча каражаттары зарылчылык келип чыккан статьяларга жылдырылып айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Суралсын Кара-Кулжа райондук Финансы бөлүмүнөн Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип берүү жагы.

3. Ушул токтомду аткарып, тармактарды өз убагында акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т, Намашановго тапшырылсын

 

Ылай-Талаа айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Жолдошов