Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 16/4
Ылай-Талаа айылынын №6-бөлүмүнүн тургуну Айтназарова Жаңылдын
айылдык Кеңештин төрагасы Н.Жолдошовдун атына жазган арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү» Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Ылай-Талаа айылынын №6-бөлүмүнүн тургуну Ж.Айтназарованын арызын жана аты аталган тургундун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын атына жазган арызынын негизинде көтөрүлгөн маселеге тиешелүү адистердин жеринде текшерип айылдык Кеңешке берген сунушун карап чыгып төмөндөгүлөрдү белгилейт. Арызда көрсөтүлгөн кайтарып берүү жөнүндөгү талашка түшкөн жер тилкесин айыл тургуну, жеке ишкер Зулпукаров Эркинбек жерге ээлик кылуучу мамлекеттик актынын негизинде чакан дүкөн куруп иштетет, айыл Өкмөтүнө милдеттүү салык түрлөрүн төлөйт жана спирт ичимдикттерин сатууга уруксат берүүчү лицензиясын дүкөн ээси көрсөткөн. Бирок дүкөн ээси жер тилкесин мамлекеттик актыда белгиленген баштапкы абалында пайдаланбай, тамеки заттарын жана спирттик ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жөнүндөгү айылдык Кеңештин 24.12.2013-жылдагы №6/1-токтомундагы талаптарды аткарбай жаткандыгы аныкталды. Жогорудагы келтирилген сын-сунуштарды угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык округунун Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылынын тургуну, жеке ишкер Зулпукаров Эркинбекке иштетип жаткан дүкөнүнө караштуу жер тилкесин 1 метр ичкери карай жылдыруу менен мамлекеттик актыда белгиленген баштапкы абалына келтирүү, айылдык Кеңештин 24.12.2013-жылдагы №6/1-токтомундагы талаптарды толук аткаруу жана дүкөндүн айланасындагы тазалыкты сактоо, санитардык абалын талапка ылайык кароо жагы милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы У.Ажимаматов ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Жолдошов |