Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-февралы № 3
Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 65852 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2. Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 65852 сом акча каражатын түзгөндүгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоо уруксат берилсин.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 30852 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-Аппарат кызматкерлерине сыйлык акы катарында – 17 000 сом;
-Соц.фондго чегерүү – 2900 сом;
-Ар кандай чыгымдарга – 10 952 сом;
-Маданият бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына – 35 000 сом;
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Бакай-Ата райондук каржы жана казына бөлүмдөрүнө сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |