МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын V-сессиясы
2015-жылдын 5-марты № 2
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылга жергиликтүү
бюджетинин долбоору жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактыккеңеши , айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетининдолбоорунугуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен3639,2 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
-Теңдөөчү грант---1906,9 миң сом,
-Иш берүүлөр тараб.айлык акы-н
кармалуучу киреше салыгы--- 500,0 мин сом,
-Патенттик негизде алынуучу киреше салыгы---150,0 миң сом,
-Кыймылсыз мълктөн алынуучу салык---- 2,1 миң сом,
- Транспорт ээлеринен алынуучу салык – 185,0 миң сом,
-Короо-жай жер салыгы – 102,5 миң сом,
-Айыл чарба жер салыгы –408,3миң сом,
-Айыл чарба багытындагыэмес жер салыгы---30,0 миң сом,
-Сатуудан алынуучу салык----240,0 миң сом,
- Роялти ---- 3,0миң сом,
-Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып
алынуучу отунду иштеткендиги үчүн акы—2,0 миң сом
- КБФижара аренда акысы ---- 130,4 миң сом,
- Юст.орг.тарабынан кармалуучу мамл.алым---12,0 миң сом,
- Айып акылар,санкциялар,конфискациялар --- 3,0 миң сом.
Чыгашалар бөлүгү 3639,2миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча
бекитилсин:
1.Башкаруу аппаратына – 1959,0 миң сом,
2.Билим берүү бөлүмүнө – 662,8 миң сом,
3.Социалдык коргоо бөлүмүнө – 86,0 миң сом,
4.ЖКХ бөлүмүнө – 440,3 миң сом,
5.Маданият бөлүмүнө – 371,1 миң сом,
6.Өзгөчө кырдаалдар---120,0 миң сом
2. 2015-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц.фонд ж.б.).
3. Жыл ичинде жергиликтүүкиреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүжагы айылдык аймактыкКеңештин сессиясына сунушталсын.
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
5. Бөлүмдөн-бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык аймактын кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү сунушталсын.
6. 2014-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2015-жылга 2,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жылдын этегине чейин эсептик счетто сакталсын.
7. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 20-январындагы № 5-3/Vбуйругуна ылайык, 2015-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 мин сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
8. Ошондой эле «КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын» 21-статьясынын негизинде 2015-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1 %ынын эсебинен 36400 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп ,айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнөберилсин.
9. 2015-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө (башкы бухгалтер С.Токторалиевага) тапшырылсын.
10. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуужардамдар көрсөтүлсүн.
11. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгүсалыктар алынсын.
12. Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти К1=1,0 болуп, айыл чарба багытында жерлеринин жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти К1=1,04 болуп белгиленсин.
13. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
14. КР Өкмөтүнүн 30.05.2013-жылынын № 302 токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим Берүү Министрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
15. БУУнун “Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасынын” алкаганда мектептердеги тамак-аш берүүнү оптимизациялоо долбоорун колдоо максатында өздүк салым ирээтинде 1-4 класстын окуучуларына тамак-аш чыгымдарына 10,0 миң сом каралсын.
16. Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөнтеңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы, соц.фондко чегерүү ж.б.) жанакоммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
17. Жергиликтүү бюджеттин 2016-2017-жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин.
а).2016-жылга, бюджеттин көлөмү (киреше, чыгашасы менен) -3977,9 миң сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү-2080,2 миң сом
теңдөөчү грант-1897,7 миң сом
б) 2017-жылга, бюджеттин көлөмү (киреше, чыгашасы менен) -4007,1 миң сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү-2175,2 миң сом
теңдөөчү грант-1831,9 мин сом
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешининбюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |