Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 5
Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын №2 корпусун ылайыкталган бала-бакчага, ажаткана (санитардык обьектиси) жана оюн аянтчасын куруу” жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын 2015-жылдын жыйырма үчүнчү сессиясы “Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын №2 корпусун ылайыкталган бала-бакчага, ажаткана (санитардык обьектиси) жана оюн аянтчасын куруу” жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагындагы Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын №2 корпусун ылайыкталган бала-бакчага, ажаткана (санитардык обьектиси) жана оюн аянтчасын куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын №2 корпусун ылайыкталган бала-бакчага, ажаткана (санитардык обьектиси) жана оюн аянтчасын куруу үчүн долбоорду даярдоо жагы мектептин мугалими Т.Бокубаевага тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү өздүк салымдын 50%ы 93 250 (токсон үч миң элүү) сому накталай акча түрүндө айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүндө каралган 2215 статьядан которулсун.
4. Мындан сырткары, өздүк салымдын калган 50%ы болгон 93 250 (токсон үч миң элүү) сомду материал жана эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |