Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 6
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жумушка келүүсүнүн табелин жүргүзүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жумушкакелүүсүнүн табелин жүргүзүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жумушка келүүсүнүн табелин жүргүзүү жагы жооптуу катчынын убактылуу жоктугуна байланыштуу маалыматтык технологиялар, экономика жана статистика боюнча башкы адисА.Кулалиевге жүктөлсүн.
2.Ар бир ай сайын кеңешке маалымат берип турсун.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |