Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-майы № 1
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма төртүнчү сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын жергиликтүүх бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 4363,4 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 4363,4 миң сом менен сунушталсын.
2. 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 4710,0 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 4710,0 миң сом менен сунушталсын.
3. 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 4962,5 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 4962,5 миң сом менен сунушталсын.
4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |