Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-майы № 3
Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү, маалыматын угуу жана жайыт жерлерди кароо жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма төртүнчү сессиясы, жайыт комитетинин бюджетин бекитүү, маалыматын угуу жана жайыт жерлерди кароо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетти төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жайыт комитетинин 1 жылдык бюджети 140100 сом;
Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы айына 4000 сомдон, бир жылга 48000 сом;
Бухгалтердин айлык акысы айына 1000 сомдон, бир жылга 12000 сом;
Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөм 17,25%-10350 сом;
Башка чыгымдар: командировка, канцелярдык товарларга-555 сом;
Жайыт комитетинин инфраструктурасын жакшыртууга-25000 сом;
Транспорт чыгымдары-15000 сом;
Жайыт салыгы-20000 сом;
Сатуудан түшкөн салык-4200 сом;
Жакынкы жайытка (Эчкилиге) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
Алыскы жайытка (Күмүштак) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
Жылкы, эшек ар бир башына 100 сомдон;
Уй, топозго ар бир башына 100 сомдон;
Саздар жана көрктөндүрүүгө берилген жерлердин жайыт акысы гектарына 500 сом бир жылга;
Кум, топурак, таш алуу камазга 100 сом (1 рейси)
ГАЗ-53, тракторлорго 50 сом (1 рейси)
Жайыт билети жок кирген малга айып:
Уй, жылкынын бир башына 100 сомдон ;
Кой-эчкиге бир башына 10 сомдон;
2.Жайыт жолдорун оңдоого катуу көңүл бурулсун.
3. Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Турдубаевдин маалыматы эске алынсын жана аткарган иши канааттандыраарлык деп белгиленсин.
4. 2015-жылдын 1-августуна чейин жайыт жерлер такталсын, жайыт жерлерди пайдалангандыгы үчүн, төлөмдөрүн төлөбөсө жана баш ийбесе 5 (беш) миң сом өлчөмүндө айып салынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |