Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-майы № 6
СПАнын жетекчисинин маалыматын угуу
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма төртүнчү сессиясы, СПАнын жетекчисинин маалыматын угуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СПАнын төрагасы Э.Саиаевдин маалыматы эске алынсын жана аткарган иши канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Сугат суусуна акы төлөгөн дыйкандарга кезек менен үзгүлтүксүз берилип турсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |