Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 1
Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын №2 корпусунун бир бөлмөсүн 3-5 жашка чейинки балдарга кыска мөөнөттүк бала-бакчага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жыйырма бешинчи сессиясы, Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын №2 корпусунун бөлмөлөрүн 3-5 жашка чейинки балдарга кыска мөөнөттүк бала-бакчага берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагындагы Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын №2 корпусунун бөлмөлөрү 3-5 жашка чейинки балдарга кыска мөөнөттүк бала-бакчага берилсин.
2. Миң-Булак айыл аймагындагы Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын №2 корпусунун бөлмөлөрүн 3-5 жашка чейинки балдарга кыска мөөнөттүк бала-бакча ачуу үчүн долбоорду даярдоодо Бакай-Ата райондук шааркурулуш жана архитектура башкармалыгы менен макулдашылсын.
3. Мугалимдердин айлык акысы үчүн 4 айга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, калган бөлүгү ата-энелердин эсебинен төлөнсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |