Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-октябры №27//140|
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жайгашкан спирт ичимдиктерин сатуучу жайлардын
иштөө убактысын чектөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунyн 15)-пунктчасына негиз, шаардык кеёештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, комуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, шаардын мэриясынын 2011-жылдын 22-сентябрындагы №1209 кайрылуу катын, Кызыл-Кыя шаарынын 2011-жылдын 12-сентябрында өткөрүлгөн аппараттык кеӊешмесинин чечимин жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн 2011-жылдын 9-сентябрындагы №1/2546 кайрылуу катын эске алып, шаардын аймагында коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жайгашкан спирт ичимдиктерин сатуучу жайлардын: ресторан, кафе, бар жана чайканалардын иштөө убактысы 2012-жылдын 1-январына чейин саат 2200 дөн кийин чектелсин.
2. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардык кеӊештин ушул токтомуна негиз шаардын аймагында жайгашкан спирт ичимдиктерин сатуучу жайлардын чектелген мөөнөттөн кийин спирт ичимдиктерин сатууну улантып иштегендерине тыюу салуу жана аларга мыйзам чегинде чара көрү жагы милдетендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеёештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, комуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин төрагасы |
М. Эранов
|