Редакцияот 19.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011–жылдын 19–августу 25/138

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (IV чакырылышы) регламентине өзгөртүү жана толуктоолордуу киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агентигинин 2011–жылдын 25–июлундагы №06/06 токтомуна, 2011–жылдын 11-августундагы №01–9/47 буйуругуна жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 28–беренесинин 1–пунктуна, 31– беренесинин 2–пунктунун 10)–пунктчасына негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин (IV чакырылышы) шаардык кеӊештин 2008–жылдын 6–ноябрындагы №2/5 токтому менен кабыл алынган регламентине №1–тиркемеге ылайык өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин(тиркеме тиркелет).

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  шаардык кеңештин төрагасы М. Эрановко тапшырылсын.

 

Кызыл-кыя шаардык

кеңешинин төрагасы

 

М. Эранов