Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-апрели № 4
Мектептин иши жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жетинчи сессиясы, мектептин иши жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мугалимдердин эмгек тартибине катуу көзөмөл жүргүзүлсүн. Эмгек тартиби бузулган учурда жумуштан четтетүү жагы каралсын.
2. Окуучулар арасында кылмыштуулукту, тартип бузууну болтурбоого зор аракеттер көрүлсүн.
-Окуучулардын уюлдук телефон менен мектепте колдонуусуна тыюу салуу максатында ата-энелер чогулушу депутаттардын катышуусунда жакын арада уюштурулсун.
3. Окуучуларга билим жаатында ар кандай кружокторду уюштуруу жолго коюлсун.
4. Мектептин ичинде жана айланасында майда соода сатык жүргүзүүгө тыюу салынсын.
5. Мектептин чарбасы тартипке келтирилип, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери дайыма жүргүзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |