Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-апрели № 6
Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын жетинчи сессиясы, жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин 2013-жылга бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жайыт комитетинин 1 жылдык бюджети 130000 сом;
Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы айына 4000 сомдон, бир жылга 48000 сом;
Бухгалтердин айлык акысы айына 1000 сомдон, бир жылга 12000 сом;
Инспектордун айлык акысы айына 1500 сомдон, 10 айга 15000 сом;
Жакынкы жайытка (Эчкилиге) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
Алыскы жайытка (Күмүштак) мал башына (кой, эчки) 10 сомдон;
Жылкы, эшек ар бир башына 100 сомдон;
Уй, топозго ар бир башына 100 сомдон;
Саздар жана көрктөндүрүүгө берилген жерлердин жайыт акысы гектарына 500 сомдон бир жылга;
Кум, топурак алуу камазга 100 сом (1 рейси)
ГАЗ-53, тракторлорго 50 сом (1 рейси)
Жайыт билети жок кирген малга айып:
Уй, жылкынын бир башына 100 сомдон;
Кой-эчкиге бир башына 10 сомдон;
Башка айылдын малы Миң-Булак айылдык аймагынын чек арасына уруксаты жок кире турган болсо мал башына 1000 сом өлчөмүндө айып салынсын. Көзөмөлдөө Б.Казакбаевге жана Э.Сатаевге милдеттендирилсин.
Айылдын ички жана тышкы көчөлөрүнөн жана Талас суусунун көпүрөсүнөн планировка сүйрөп өткөн трактор ээлерине 2000 сом өлчөмүндө айып салынсын.
Суугат маалында жолго суу ашырган дыйкандарга 2000 сом өлчөмүндө;
суу уурдаган дыйкандарга 5000 сом өлчөмүндө;
шаабаларды бузган дыйкандарга 5000 сом өлчөмүндө айып салынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |