Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 2
№8-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иши жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он биринчи сессиясы, жогорудагы айтылган №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иши жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Башкы дарыгерге депозит боюнча материалдык жардам (жол акысына) бир жылга 15000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын алып берүү жагы айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |