Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-октябры № 3
Дан эгиндерин жыйноо жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он биринчи сессиясы, жогорудагы айтылган дан эгиндерин жыйноо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дан эгиндерин жыйноо иши канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Мындан ары дан эгиндерин жыйноо мезгилине чейин комбайндардын ремонтуна, ишке даярдыгына катуу көзөмөл жүргүзүлсүн.
-биринчи кезекте айыл калкынын эгиндерин жыйноого көңүл бурулсун жана бул тууралу комбайн ээлерине эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |