Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык Кеңешинин 9 чакырылышынын 23 сессиясы
2015-жылдын 2-июну № 01
Оро айылдык аймагынын 2016-2018-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 9- чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы Оро айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 5234,1 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 5234,1 миң сом менен сунушталсын.
2. 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 5580,1 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 5580,1 миң сом менен сунушталсын.
3. 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 5920,1 миң сом менен, чыгаша бөлүгү 5920,1 миң сом менен сунушталсын.
4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Оро айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери К.Сатымкуловага жүктөлсүн.
Оро айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Акматов |