Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык Кеңешинин 9 чакырылышынын 24 сессиясы
2015-жылдын 21-июлу № 01
“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Оро айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын 24-сессиясы каралган маселелерди талкуулап тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн аймагынан жайыт жерлери аркылуу өтүүчү “Семетей-Куру-Тегерек” электр чубалгыларынын таянычтарын орнотуу үчүн бош жаткан жер аянттарына “жайыт” категориясынан “өнөр жай” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Райымбеков “Кичи-Чаарат” ЖАКнун жетекчилиги менен ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишим түзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Сопубековго жүктөлсүн
Оро айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Акматов |